Ар бирибиздин апаларыбыз бар болсун. Жетимдиктен алыс кылсын жараткан.

03.06.2018
Күтөм апа !!! Апа дешип, агылып көздөн жаштар, Туулган балаң күтөт сени он жашар. Түгөнбөгөн үмүттөргө жөлөнүп , Түбү жок көз жаш менен атат тандар. Келчи апа, бир жамалың көрөйүн, Көөдөнүмө бекем кысып өбөйүн. Жок дегенде бир ирет кайрылып кет, Күтүү эмес сүйүү менен өлөйүн. Күтөм апа, эртели кеч жолуңду, Сунчу мага өпкүлөйүн колуңду. Көкүрөккө башым жөлөп уктасам, Аткарылмак көөдөндөгү оюмду. Апам менин, дарегин айтчы кайда? Издейинчи кайдасын, кандай жайда? Мүнөт санап үмүт менен жашаймын, Алып кетесин ээ апа?... ушул айда. Тагдырым ай торобочу бутумду, Жазыгым эмне? Таштанды жетимби? Мейли күн, мейли айлар жылдар өтсүн, Күтөм апа келгичекти жолунду.

Похожие видео