Баары сенин колуңда – Сабак болчу мыкты окуя – Билип ал

29.01.2021
Байыркы бир шаарда улуу бир аалым жашаптыр. Анын көптөгөн шакирттери бар экен. Күндөрдүн биринде ошол шакирттеринин бирөөсү, «А биздин устазыбыз жооп бере албаган да суроо бар бекен?» - деп кызыгат. Ошентип жанагы шакирти гүл жайнаган талаага чыгып, эң кооз көпөлөктү кармап алат жана алакандарынын арасына бекитет. Колуна көпөлөктү кармаган абалда жанагы шакирт мынтип ойлонот: Устазымдан колумдагы көпөлөк тирүүбү же өлүкпү деп сурайм. Эгер өлүк десе анда коё берем, көпөлөк учуп кетет жана устазым туура эмес жооп берген болот. Эгер тирүү десе, колумду бекем кыссам көпөлөк өлүп калат. Ошентип жанагы шакирти устазына келип, - Айтыңызчы, менин колумда кандай көпөлөк бар? Тирүүбү же өлүкпү? – деп сурайт. Шакиртинин колуна карабастан туруп жанагы аалым киши: - Баары сенин колуңда – деген экен. ======================================= Instagram баракчабыз: https://www.instagram.com/bilipal2020 Facebook баракчабыз: https://www.facebook.com/bilipal2020 Telegram каналыбыз: https://t.me/bilipal2020 Каналдын өнүгүшүнө өз салыңызды кошом десеңиз: ЭлСом капчык - +996507044900 ======================================= #БилипАЛ #Баарысенинколуңда

Похожие видео