Атамбаев: Орусияга шаршембиде барам
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 22-июль күнү тарапташтары менен жолугушуу учурунда Орусияга шаршемби күнү барышы мүмкүн экенин "Кактус.медиа" маалымат сайтынын кабарчысына жооп берип жатып билдирди. Бирок кимдердин чакыруусу менен барарын ачык айткан жок. “Бүгүн дүйшөмбү, балким шаршембиде кетем. Кайсы жактан, кантип кетем чакырып жаткан тарап чечет. Эки күнгө барып келем”, - деди Алмазбек Атамбаев.
Похожие видео
Показать еще