77 кыргыз Тажикстанга кире качты | БҮГҮН АЗАТТЫКТА | 14.07.21 HD
"Бүгүн Азаттыкта" маалымат-аналитикалык программасы: - 114 миң сом айлык акы алып, "Кыргызтелекомдо" иштеген Камчыбек Ташиевдин тууганы делген Замир Кожомуртовдун айланасында чыр чыкты. "Кыргызтелекомдун" директорлор кеңеши аны иштен алган соң Мамлекеттик мүлк фонду менен Улуттук коопсуздук комитети атайын билдирүү менен чыгышты. - Ооганстанда жашаган 77 кыргыз Тажикстандын аймагына кире качты. Буга чейин памирлик кыргыздар ооган жергесиндеги тектештер талиптерден кооптонуп турганын билдиришкен эле. - Ысык-Көлдө Абердин ангусс тукумундагы уй багуу күч алды. 8 жыл мурда Америкадан алынып келинген бул уйдун эти дүйнөдө жогору бааланат. #БүгүнАзаттыкта #жаңылыктар #Кыргызстан _ Биздин сайт - https://www.azattyk.org/ Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg/ https://www.instagram.com/azattykmedia/ Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org https://www.facebook.com/azattyk Ютуб - https://www.youtube.com/channel/UCs_x... Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu https://t.me/azattykrus