Талас - Тараз - Суусамыр жолу жабылды
Бакай-Ата районундагы Кызыл-Сай айылы менен өткөн Талас - Тараз - Суусамыр жолу жабылды. Эки күндөн бери жааган жамгырдан улам «Үрмарал» суусунун деңгээли көтөрүлүп, көпүрөнү алып кетүү коркунучу жаралган. Андыктан Өзгөчо Кырдаалдар Министрлигинин кызматерлери кооптуу абалдын алдын алуу максатында көпүрө аркылуу унаалардын өтүшүнө тыюу салды.