Алыкул Осмонов - Отуз жаш

05.06.2013
© Бул тасманын бардык укуктары, ээлерине таандык. Тасмачы: Айдай Чотуева Обончу: Мурзали Жеенбаев Сүрөтчү: Орозбай Абсаттаров А.Осмонов - Отуз жаш Ырас өмүр кандай кыска,кандай аз... Тагдыр ошол өлчөмүнөн көп кылбас. Бирок чиркин аздыгына мейли эле. Анын октой тездигине катат баш, Кечээ гана тиги кырда жок эле, Кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш? Ал зымырайт,үстү-үстүнө камчылап, Жетээр жери,түшөр үйү барчылап. Эгер анын жэтээр жери бар болсо, Неге суудай тынбай агат адамзат? Ошондуктан тынымы жок өмүрдүн, Учу-кыйры жок алыс жолго шаштырат. Бугүн дуулап эчкимди ойлонбой, Кечээ жыргап: эртеңиме кайдагы ой. Мени алдаган жаштыгыма ишим жок, Өлүм мени эркелетип койгондой?! Ушунча күн, ушунча жыл арасы, Жана гана бая гана болгондой. Шайтан көрдүм долулугун карачы, Байкуш жандын момундугун карачы. Өлүм-өмүр аралыгы даңгырап, Тазалыгын сонундугун карачы! Даяр орду, белен жайы бош турбай, Анын мелт-калт толумдугун карачы! Артык экен,кымбат экен жаштык кез, Алтын экен,жакут экет баа жетпес. Маңдайынан да бир сүйүп калууга, Токтоп бербес,токтотууга күч жетпес. Койнум толгон отуз жаштан айнууга, Өмүр чиркин,өкүмү күч жол бербес. Айныр элем,айныганда не пайда, Он сегизде ойноктогон мен кайда? Отуз да аз...Көп болгонго кубангын Андан көрө амандыкка бел байла. Тирүүлүктө кара өлүмдөн өч алып, Калкың үчүн кан чыгарып бер пайда! Токточу өмүр,токточу өмүр,токтой тур! Көзүң терең,өңүң кансыз,сары-сур, Тил албассың жоголо бер,кете бер, Сенден күчтүү сенден өчөр бул учур. Он беш жолу улам кайра туулуп, Он беш жолу жашарбасам карап тур! Ырас өмүр кандай кыска,кандай аз... Тагдыр ошол өлчөмүнөн көп кылбас. Бирок чиркин аздыгына мейли эле. Анын октой тездигине катат баш, Кечээ гана тиги кырда жок эле, Кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш?

Похожие видео

Показать еще