Эки кызына ата жана апа болгон Данияр мырзанын өмүр жолу! Улуу кызы ДЦП менен ооруп келет.
Бул чыгарылышыбыздын каарманы Жараткандын сыноосун башынан өткөрүп келген Данияр Сыдыков азыр 39 жаш куратка. Эки кыздын сүйүктүү атасы. Мындан 4 жыл мурун өмүрлүк жары кичүү кызы төрөлгөндөн кийин үч ай өткөн соң бул дүйнө менен кош айтышкан. Ошол күндөн бери азыркы убакытка чейин эки кызына бир маалда ата жана апа болуп багып келет. Ал эми улуу кызы болсо тубаса ДЦП оорусу менен ооруйт. Күнүмдүк жашоо турмуш дал ушул батирде уланып, майып кызына тийген жөлөк пул менен күн кечирип келет. Данияр Сыдыковдун жашоо турмушун коомго чагылдыруу үчүн “Кайрымдуу бол” Коомдук Кайрымдуулук фондунун жааматы барып, маек куруп келди. Данияр Сыдыковго жардам берүү жолдору: Элсом жана М Банк: 0706 88 66 69