КУЛАК САЛГЫЛА! Кайрадан ШАЙЛОО болот!

19.08.2019
УРМАТТУУ БЕЛ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ТУРГУНДАРЫ, БЕЛ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН БАШЧЫЛЫГЫНА ТАЛАПКЕР БОЛУУНУ КААЛАГАНДАР! 2019-жылдын 28 –августунда Ноокат районунуна караштуу Бел айылдык кенешинин депутаттары тарабынан Бел айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өткөрүлөт. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкерлер айыл кеңешинин депутаттары (депутаты) тарабынан көрсөтүлөт, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-аким тарабынан сунушталат. Биз, Бел айылдык кенешинин азыркы чакырылышынын төмөнкү депутаттары: Эсенбаев Женишбек Назарбаевич Абдувалиева Патийма Сайдаматовна Маматкулов Абдыкаар Жакыпович Шамасиров Алымкул Арапбаевич Мамажанов Нурбек Акматалиевич Бел айыл өкмөтүнүн башчылыгына жаныча ойлонгон, жергиликтүү тургундардын, мекемелердин, уюмдардын, фермерлердин, жеке ишкерлердин, аялдардын, жаштардын, мугалимдердин, мектеп окуучуларынын, мектепке чейинки жаштагы балдардын, эмгек мигранттарынын, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыздын көйгөйлөрүн жакшы билген, аларды чече алган, социалдык, экономикалык өнүгүүнүн башында турган чыныгы элдик лидерди табууну көздөп, ушул кулактандырууну ачык жарыялоону туура таптык. Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкер болууну каалаган Кыргыз Республикасынын бардык жарандарын ушул жылдын 22-августуна чейин жогоруда аты аталган депутаттардын дарегине атайын арыз менен кайрылууну суранабыз. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкерлерге коюлуучу шарттар: Жогорку билимдүүлүгүн тастыктаган мамлекеттик документ (диплом); Мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, Же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде Же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны. Эскертүү: Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес. Талапкерлерден алынуучу негизги документтер, маалыматтар: Бир же бир нече депутаттардын атына айыл өкмөтүнүн башчылыгына ат салышууга макулдугу жөнүндө талапкердин арызы; Бел айылдык аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча кыскача программасы/концепциясы; Фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, иштеген жери, ээлеген кызмат орду (кызматынын түрү) жана турган жери көрсөтүлгөн талапкердин кат жүзүндөгү өмүр баяны; Тийиштүү мамлекеттик органдын талапкердин соттолгон, соттолбогону тууралуу справкасы Талапкерлер төмөндөгү дарегибизге кайрылып, телефондорго чалсаныздар болот: Ош областы, Ноокат району, Бел айылы. Демилгечи депутаттар тобу. Тел. 0776 320145, 0779 811956. Эл.адрес: jenishbek70@mail.ru

Похожие видео

Показать еще