Казакстандагы кармоо HD

09.06.2019
Казакстандын Алматы шаарында президентти шайлоо күнү полиция жүзгө жакын адамды кармап кетти. Кармалган адамдар президенттик шайлоону бойкоттоого чакырыктарды ташташкан. Окуя болгон жердегилер тарткан видеолордо полиция бир нече адамды күч менен кармап кетип жатканын көрүүгө болот. Алар “Бойкот”, “Маскара” деп кыйкырып жатышат. Буга чейин бул кармоолорду чагылдырып жаткан “Азаттыктын” казак кызматынын журналисти Петр Троценко полиция бөлүмүнө жеткирилген эле. Бүгүн Казакстанда президенттик шайлоо өтүүдө. Бул акыркы 30 жылдан бери өлкөнү башкарган Нурсултан Назарбаев катышпаган алгачкы шайлоо. Шайлоодо жети талапкер ат салышууда.

Похожие видео

Показать еще