Казакстандагы башаламандык: БТРге таш менен тап берип, унааларды талкалап

05.01.2022
Казакстандагы митингден кийинки башаламандыктар токтой элек. Социалдык тармактарда окуя болгон жерлерде тартылган түрдүү видеолор тарап жатат. Бул кадрдан жүрүп бара жаткан БТРди жана аны жандай, торой чуркап, таш менен урган элди көрүүгө болот. Видеонун качан, ким тарабынан, кайсы жерден тартылганы азырынча белгисиз. Азырынча башаламандык маалында канча адам жаракат алганы туурасында маалымат жок.

Похожие видео

Показать еще