Баткен районунда изделип жаткан тургун Тажикстандын түрмөсүнөн табылды. Окуянын чоо-жайы HD
Тажикстандын аймагынан жоголгон Газыбектин агасынын айтымында, тамеки жана насыбай менен алектенген Баткен облусунун тургундары даярдалган продукцияны Кара-Бак айылына алып барышат. Ал жерге Тажикстандан дүңү менен сатып алуучулар келишет. Газыбек тамеки өстүрүүчүлөр менен Тажикстандын ишкерлеринин ортосунда ортомчу болгон. Ишкерлер продукция үчүн каражатты банк аркылуу жөнөтүп, кээде накталай акча беришчү. Аталган күнү Газыбекти Тажикстандын аймагындагы Сурх айылына жолугушууга чакырышкан. Ал жерде ишкерлер менен жолугуп, акча алмак. Жакындары белгилешкендей, Газыбек аталган айылга «Хендай Портер» менен барган жана унаада жүк болгон эмес. «Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери кармоо иштерин кантип жүргүзгөнүн айтып берүүчү күбө бар», - дешет алар. http://batken.turmush.kg/news:370761