Тоңдо чоң унаа ала салып, 2 адам мерт болгон окуянын чоо-жайы HD
Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жүк ташуучу унаа оодарылып кетип, айдоочу менен жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди. Маалыматка караганда, жол кырсык бүгүн, 11-апрелде саат 11:50 чамасында Тоң районунун Дөң-Талаа айылында катталган. Айылдын 1990-жылы туулган тургуну М.у.Ж. айыл өкмөткө караштуу «Донг Фенг CI.W3251» үлгүсүндөгү жүк ташуу унааны күн батышты карай башкарып бара жатканда рулга ээ боло албай, унаа ала салып кеткен. Жол кырсыктын кесепетинен айдоочу Тоң районунун ооруканасында каза болгон. Ал эми жанындагы жүргүнчү — Дөң-Талаа айылынын 1979-жылы туулган тургуну М.А. окуя болгон жерде каза болгон http://www.turmush.kg/news:364103