Бишкекте 2 Окуучуну машина уруп кетти, балдардын абалы оор

21.04.2017
Эки унаа сүзүп кеткен окуучулардын биринин колу, экинчисинин буту сынган. Бүгүн, 21-апрелде Бакаев менен Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишинде сүзүлгөн 2 окуучу эсине келди, абалдары туруктуу. "Учурда балдардын абалдары туруктуу. Эсине келишкен. Экөө тең баштарынан жаракат алышыптыр. бирөөсүнүн колу, экинчисинин буту сыныптыр. Учурда бардык тиешелүү жардамдар көрсөтүлүп жатат. Азыркы абалдарына байланыштуу, толугу менен изилдөө бүтө элек. Балдарды шок абалдан чыгаруу аракеттери көрүлүүдө", - дейт Талант Өмүрбеков. Башкы дарыгер, мындай кырсыктан жабыркагандар аталган ооруканага көп түшөрүн баса белгиледи. Эскерте кетсек, Мерседес менен Субару үлгүсүндөгү эки унаа катуу ылдамдыкта кубалашып окуучуларды сүзүп кетишкен. Окуя болгон жерден "08 382 ААF" унаа номери табылды.

Похожие видео