Мордовияда кыргызстандык жаран каза болду.
Россия Федерациясынын курамындагы Мордовия Республикасында 56 жаштагы кыргызстандык жаран жергиликтүү тургундун колунан каза болду. Окуя 6-ноябрга караган түнү эт комбинатында болгон. Жумушчулардын ортосундагы чыккан чырдын кесепетинен Торбеев айылынын 33 жаштагы тургуну Кыргызстандын жарынынын башына бир урган. Жабырлануучу тең салмактуулугун жоготуп, жерге жыгылган. Ал баш сөөгү жана мээсинен алган жаракатынан улам каза болуп калган. Аталган факт боюнча Кокустуктан адам өлүмүнө алып келген ден соолукка атайлап оор зыян келтирүү беренеси менен кылмыш иши козголду. Кармалган адам күнөөсүн мойнуна албай жатат.