Илон Маск Ай менен Марска жеткирчү кемени көрсөттү HD
«SpaceX» компаниясынын башчысы Илон Маск »Starship» аттуу космостук кемени көрсөттү. Анын бортунда экипаждар менен Айга жана Марска учуу пландалууда. Алгачкы сыноо жакынкы айларда уюштурулат. Масктын айтымында, кемени бир канча жолу пайдаланса болот. Алгач ал космосто эки ай болуп, анан Жерге кайтат.