ҮММӨТКӨ ТЕТЕ ИНСАН АБДУРАХМАН АС СУМАЙТ
Анын эмгегинин натыйжасында 4 университет,36 диний институт, 10 радиостанция, 124 оорукана, 204 ислам борборлору, 840 Куран жаттоо медреселери, 5700 мечит, 214 аялдар үчүн борборлор курулуп, 12 000 артезиан кудуктары казылган жана 500 000 тонна азык таратылган. Жалпы окуу мекемелериндеги окуучулардын саны жарым миллиондон ашып, жыл сайын 2000 мугалим жөлөк пул алып турган. Мындан сырткары Кения жана Занзибарда эки шариат колледжин негиздейт. Бул колледжерде окуган миңдеген окуучулар бюджеттик негизде медицина, инженерия жана технология жаатында окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, кошумча ай сайын стипендия да алууга жетишкен. Буга кошумча 22 тилге которулган 9 млнго жакын китеп, ыйык Курандын араб тилиндеги 7 млн мусхафы жана Африканын түрдүү тилдеринде жазылган Ислам боюнча 60 млн буклет таратылган. Чоң мээнеттин арты менен жалпы жонунан шейх Абдурахман ас-Сумайт себебчи болуп, 11 млнго жакын эл Ислам динин кабыл алган. Алардын арасында христиан пасторлору жана епископтору да бар болчу. Ар бир аймакта мектеп, жетимдер үчүн жатак, мечит, оорукана, аялдарды окутуучу борбор, динге жаңы киргендер үчүн борбор, кудук жана борбор жетекчисинин үйү курулган.