Эл аралык толеранттулук учун Фонду
2016-жылдын 2-декабрь күнү “Эл аралык толеранттуулук үчүн” Фондунун Баткендеги Филиалы Торт-Гул айыл окмоту менен биргеликте Баткен районунун Торт-Гул айыл аймагынын Ак-Турпак айылына жаныдан курулган таза суу линиясын салтанаттуу ачуу аземи болуп отту. Бул аземге Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Т.Ибраимов, “Эл аралык толеранттуулук үчүн” Фондунун Баткендеги Филиалынын директору, Фонддун Туштук аймагы боюнча координатору Р.Абазбеков, Торт-Гул айыл аймагынын окмотунун башчысы Н.Артыков, Айылдык Кенештин торагасы М.Жалалов,, айыл окмот кызматкерлери, депутаттары, жарандык журналисттер жана Ак-Турпак айылынын жергиликтүү жашоочулары катышышты. Ак-Турпак айылына жаныдан курулган таза суу линиясынын куруу иштери толук аяктап, Ак-Турпак элин таза суу менен камсыздоону баштады. Суу линиясынын жалпы курулуш суммасы 1 950 961 сом, анын ичинен 100 мин сом жергиликтуу салым катары айыл окмотунун бюджетинен берилген. Суу линиясынын жалпы узундугу 2574 метрди тузуп, 12 колонка жана 1 гидрант коюлган. Жаныдан курулган таза суу линиясынын курулуш иштерин “Кап-строй” ЖЧК ишке ашырды Бул курулган суу линиясы Ак-Турпак айылынан Тажик Республикасынын Исфара районунун чек ара айылдарына тартылган суу линиясына кошулган. Андан сырткары бул таза суу линиясына мындан кийин да айылдын башка участкаларына таза суу линиясын тартуу мумкунчулугу бар. Айылдык кенештин торагасы М.Жалаловдун айтымында: “Ак-Турпак айылына курулган таза суу линиясынын курулушу жалпы жергиликтуу жашоочулар учун таза суу менен камсыздоодо жакшы шарттарды тузду. Таза суу линиясы курулганга чейин озбекстан Республикасынын Газноу айылы аркылуу келген сугат суу каналы аркылуу келген дарыя суусунан суугаруу да, ичуу учун да да колдонуп келгенбиз. Биз кийинки планыбызда ушул таза суу линиясын айылдын башка участкаларына тартуу иш-чараларын пландаштырып жатабыз. Бул суу линиясын мындан ары иштетип кетуу максатында Торт-Гул айыл окмотунун карамагындагы “Торт-Тул таза суу” Ичуучу суу колдонуучулардын айылдык коомдук бирикмесин тузуп жатабыз”. Бул таза суу линиясын тартуу “Эл аралык толеранттуулук учун” Фондунун Баткендеги Филиалынын Кыргыз Республикасындагы Швейцария Элчилигинин колдоосу астындагы «Баткен областынын чек ара аймактарында тынчтыкты куруу жана чыр-чатактарды жонго салуу» долбоорунун алкагында чек ара аймактарында чыр-чатактык кырдаалдарды басаңдатуу максатында пикир-келишпестиктерди чечууго, чыналууну азайтууга жана тынчтыкты орнотууга багытталган социалдык-инфраструктуралык койгойлорду чечуу ишмердуулугунун алкагында жузого ашырылды.