Кумтөр: Парламент өкмөттөн отчет талап кылды HD
Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Кумтөр боюнча өкмөттөн отчет талап кылууда. Буга чейин өкмөт ири кенде казылган алтын боюнча жакында маалымат берерин убада кылган эле. Бул арада оппозициялык «Бириккен демократиялык кыймыл» да Кумтөр маселеси боюнча кезектеги билдирүүсүн жарыялап, алтын боюнча президенттен жооп талап кылды. Кумтөр кениндеги соңку кырдаал, андагы талаптар жана күмөндүү суроолорду «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасында талкуулайбыз. Талкууга Жогорку Кеңештин экс-депутаты Улукбек Кочкоров, Кыргызстандагы тоо-кенчилер бирикмесинин төрагасы Дүйшөн Камчыбеков, Кумтөр маселе боюнча алектенип келе жактан активист Наристе Калчаев жана жарандык активист Мавлян Аскарбеков катышат. Талкууну Бакыт Асанов алып барат. #эксперттерталдайт #кумтөр #өкмөт _ Биздин сайт - https://www.azattyk.org/ Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg/ https://www.instagram.com/azattykmedia/ Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org https://www.facebook.com/azattyk Ютуб - https://www.youtube.com/channel/UCs_xNajKMU60fbeIhcxStoA Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu https://t.me/azattykrus
Похожие видео
Показать еще