Мадумаров Атамбаевден акча алганы тууралуу жооп берди HD
#ЧолпонТВ #сайттаржазган #кабарлар Булардын абийиринин жоктугу, коомго ким жат көрүнүп калса, мени ошого жармаштыра коюш керек. Алты жыл бою такыр Атамбаевге жакындаткысы келбеген, Атамбаевди алты жагынан ороп алып, Мадумаров деген «бөкөчөнү» жолоткусу келбеген азаматтар бүгүн мени Атамбаевге жармаштыра алышпай кыйналып жатышат. Аларда ариет, намыс деген жок. Бакиевге жармаштырып бүтүштү. Ал эскирип калды. Кыргызстанга мокочо кылып көрсөтө турган жаңы киши табылып калды эле, ошого сөзсүз түрдө Мадумаровду жабыштырып коюш керек.