Баткен: балатыга 57 миң сом жумшалды
Баткен шаарынын борбордук аянтына орнотулуп жаткан балаты калаа тургундарынын купулуна толду. Анткени жылдагыдан айырмаланып, жасалгалары улуттук колориттеги оймолор менен кооздолгон. Жаңы жылдык майрамды өткөрүү үчүн шаар бийлиги тарабынан 100 миң сом акча каралып, анын 57 миңи балатыны орнотууга жана жасалгалоого жумшалган. Деген менен быйыл да нааразычылыктар жок эмес. Тагыраагы, шаар жаштары жаңы жылдык кеченин өтчү убактысын жактырышкан жок.Кененирээк Феруза Аскарбек кызы айтып берсин.