Fortis Escorts” ооруканасын трансплантация бөлүмүнүн жетекчиси Вивек Вичтен интервью HD

03.02.2019
«Кайрымдуу бол» коомдук фонду ушул тапта Индия жергесинде иш сапар менен жүрөт. Буга чейин биздин фонд Нью-Дели шаарында жагашкан “Fortis Escorts” ооруканасына боор орусу менен жабыркап келген кыргыз мекендештерди алып келип, ийгиликтүү операция жазатып келген. Ал эми келечекте дагы тыгыз иш алып барыш үчүн аталган оорукана менен келишим түзүү ирээтинде “Fortis Escorts” ооруканасын трансплантация болүмүнүн жетекчиси Вивек Вич менен жолугушуу болуп өттү. Бул жолугушууда эки тараптын кызыкчылыктары каралып, келечекте биргеликте кызматташып иш алып баруусу чечилди. “Кайрымдуу бол” коомдук фонду азыркы учурда боор оорусу менен ооруп жаткан мекендештерибиздин операциясына төлөнүүчү каражатын төмөндөтүү жана жеңилдиктерди кылуусун сунуштап, көздөгөн жоопторду ала алды. Бул кундөн тарта “Кайрымдуу бол” коомдук фонду менен “Fortis Escorts” ооруканасынын келишиминин негизинде кыргыз жарандарына операциянын суммасынан тышкары текшерүүлөргө төлөнүп келген акча каражаттарын, бир пакет кылып 26 миң АКШ доллары төлөнө турган болду. Бул биздин фонддун чоң жетишкен иштеринин бири деп айта алабыз. Себеби буга чейин өз алдынча келген мекендештерибиз 27 миң АКШ долларынан 35 миң АКШ долларына чейин төлөп келген. Андан тышкары текшерүүлөргө өзүнчө, жатаканаларга кымбат баада акча коротуп келген.

Похожие видео

Показать еще