Ноокат районунун тургундары ашар ыкмасында кооптуу делинген унаа жолду оңдоп алышты | Өнүгүүгө карай HD
Ош облусунун Ноокат районунун тургундары мамлекеттин көзүн карап отурбай ашар ыкмасында кооптуу делинген унаа жолду оңдоп алышты. Төрөбай Кулатов айыл аймагынын тургундары ортодон каражат топтошуп, жол кырсыктарына себепчи болуп келген унаа жолду, тоскоол болгон тоо боорун аттыруу жолу менен кеңейтишти. Бул үчүн айыл эли 1 млн 300 миң сом чогултушкан. Мындай демилгенин максаты жол кырсыктарын алдын алуу, адам өмүрүн сактоо. Ушул тапта айыл тургундары жолду тийиштүү министрлик өз карамагына алуусун күтүп жатышат. Биримдик, ынтымак менен ашар ыкмасында жол ондогон элеттиктердин аракеттерин кабарчыбыз Миргүл Бокошева көрүп келген. #КТРК