Жумгалда мыйзамсыз казылып жаткан кум, шагылдар HD

07.05.2021
Жумгал районунун Арал айылында Көкөмерен дарыясынын жээгин мыйзамсыз казып, кум ташып жаткандар аныкталды. Аймактык кабарчыга маалым болгондой, аталган тилке райондун Куйручук айыл өкмөтүнүн Кырчын участкасына карайт. Суунун жээгинин баары жайыт жерлер. Бул жерди казуу үчүн сынак уюштурулат. «Арал айылынын жаштары мага кайрылышкан. Алар Көкөмерен дарыясынын жээгиндеги жайыт жерлерди, мал айдап өтчү жолдорду мыйзамсыз казып, кум ташып жатышат деп кабарлашкан. Жергиликтүү эл чогулуп, бул ишти токтотууну өтүнүшкөн. Мал-жандык ушул суунун жээги менен тоого, жайлоого чыгышат. Андан тышкары тургундар эс алууга ушул жолдон барышчу. Биз укук коргоо органдары менен ЖМКнын өкүлдөрү келет, көмбөгүлө дегенбиз, бирок укпай коюшту. Жолду ашар жолу менен жай-күз оңдоп турабыз. Бул карьер эмес, бул жол. Болгон жайытыбыз ошол жакта», - деди Арал айылынын тургуну Ынтымак Өмүров. Толугу менен https://naryn.turmush.kg/news:433250

Похожие видео

Показать еще