Урматтуу мекендештер! Өнүгүү-Прогресс фракциясы 9 ай ичинде бир топ көйгөйлүү маселелерди фракция жыйынында жана жалпы отурумда көтөрүп чыгышты. Алардын бири ЕАЭБдин алкагындагы 18 техникалык талабын өзгөчө белгилегим келет. Фракция өзүнүн отурумуна өкмөт мүчөлөрүн чакырып, август айында күчүнө кирип жаткан техникалык талаптар боюнча маалыматын укту. Анда тийиштүү министрлик- ведомстволордун өкүлдөрү 100 пайыз толугу менен бул талаптарга даяр эмес болуп чыкты. Эгер Кыргызстан 12-августка чейин баардык талаптарды аткарбаса, өлкөдө өндүрүлгөн айыл-чарба продукцияларын Кыргызстан эч жака чыгара албай калат дегенди түшүндүрөт. Дегеле тогуз ай ичинде аткарган ишибиз боюнча “иш баяндан” толугу менен таанышсаңар болот.

13.06.2017

Похожие видео