СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ КАНДАЙ КЕМЧИЛИК КЕТИРДИ?
Бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырып кетти. Ал өзүнүн мындай кадамын - кызмат ордунан дагы элдин бүтүндүгүн, коомдун ынтымагын жогору коёру менен түшүндүрдү. Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков, туптуура 3 жыл мурун, 2017-жылы 15-октябрда Президенттик такка отурган. 2020-жылы 15-октябрда өз арызы менен кетип отурат. Президенттин мындай абалда кызматын таштап жаткан учуру алгачкы ирет болуп жаткан жок. Мамлекет башчынын айланасында иштеп, ага “баары жакшы” – деген жалган маалымат бергендер кандай гана адам президент болуп келбесин, ишин уланта берет. Андыктан коомчулук люстрация жолу менен бийлик толук тазалануусу керек деп талап кылууда. Кененирээк кабарчыбыздын материалында.