Салмагы — 1,5 тонна торттун баасы 179 миң долларды түздү

15.01.2018
Каналга катталыңыздар!!! https://www.youtube.com/channel/UCChd6d_O2SxlQa-spP-5C7Q Социалдык тармактарда тойго алып келинген өзгөчө жасалгаланган торт кызуу талкууланып жатат. Тортту Шымкенттеги үлпөт той үчүн россиялык белгилүү кулинар Ренат Агзамов даярдаган. Ал өзүнүн Instagram баракчасына аталган тортту жасоо үчүн командасы менен үч күн иштегенин билдирген. «Өтө оор эл аралык долбоорду ишке ашырдык. Торттун диаметри — үч метр, бийиктиги — 4,2 метр (арабасы менен). Салмагы — 1500 килограмм болду», — деп жазган кулинар. Үлпөт тойго Казакстандын шоу-бизнес жана спорт жылдыздары катышкан. Алардын арасынан Тамара Асар, опера ырчысы Сундет Байгожин жана боксчу Геннадий Головкинди көрүүгө болот. Казакстандык айрым ЖМКлардын билдиришинче торттун баасы 179 миң долларды түзгөн.

Похожие видео

Показать еще