«Калыс-Ордо» жаңы конушундагы үйлөрдү суу каптады / НТС / 10.05.16
Бишкек шаарындагы Калыс-Ордо жаңы конушун жамгырдын натыйжасында суу каптап, бир нече турак-жай урап калды. Мындан улам үй-жайы жок калгандар батирге көчүп кеткенге аргасыз болушкан. Жергиликтүү тургундар, мындай жагдай дренаждык системанын жоктугунан пайда болуп жатканын айтышууда. Жер алдындагы сууну агызып кете турган түтүктөрдүн жоктугу 3 жылдан бери маселе жаратып келе жатат. Бирок аткаминээрлер жардам берүүгө чамалары жетпей жатыптыр.
Похожие видео
Показать еще