Талас шаарында Жеңиш күнүнө карата парад өттү (губернатор)
Бүгүн, 9-май — Жеңиш күнүнө карата Талас шаарындагы Баатырлар паркында митинг-реквием өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди. Митинг-реквиемге мекеме-уюм жетекчилери, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери катышты. Таласта бүгүнкү күндө Улуу Ата Мекендик согуштун 25 ардагери бар. Андан кийин шаардагы борбордук аянтта аскерлердин катышуусу менен парад уюштурулду. Ага жергиликтүү тургундар, согуш ардагерлери күбө болушту.
Похожие видео
Показать еще