Ассалам Алейкум Таш-Көмүр шаарынын тургундары жана коноктору

09.05.2021
Бүгүн 2021-жылдын 9-майында Таш-Көмүр шаарында да Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына арналган кыска убакытка эскерүү реквием болуп өттү. Анда согуш тагы тагдырлар тууралуу эскерилип, Жеңиш майрамы тууралуу шаардын аскер комиссарынын команда берүүсү аркылуу бир мүнөттүк эскерүү жана асманга ок атуу салты аткарылды. Андан кийин шаардын мэри Н.Доулбеков жана шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы С.Кудайбердиев, ошондой эле шаар аксакалдары Ж.Шералиев, М.Токтосунов шаар калкын куттукташты. Чакан концерт тартууланды. Иш чара эстелик сүрөткө түшүү менен аяктады. Улуу Жеңиштин 76 жылдыгын кыска убакыт эскерүү таажы илдетине байланыштуу экендиги баарыбызга белгилүү. Урматтуу шаар калкы Улуу Жеңиш майрамыңыздар менен!

Похожие видео

Показать еще