Бишкек шаарындагы «Махмуд ал-Кашгари» мечити дин аалымдарынын, өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда ишке берилди (Толугу менен)

01.04.2017
Бишкек шаарынын Осмонкулов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинен орун алган «Махмуд ал-Кашгари» мечитинин расмий ачылыш салтанаты болуп, аземге КР Президенттин аппаратынын жетекчиси Исаков Сапар Жумакадырович, КР ЖК депутаттары, КРдин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Эргешов Заирбек Жолчуевич, Орусия Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын төрагасы шейх Гайнутдинов Равиль Исмагилович, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, дин аалымдары, Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов, Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов, Бишкек шаарынын казысы Садриддин ажы Маджитов жана «Ильшат» коомдук фондунун жетекчиси Анвар Маматов катышты. Мечиттин ачылышы Куран окуу менен башталып, келишкен коноктор өздөрүнүн каалоо-тилектерин айтышып, белек-бечкектерин тапшырышты. Ал эми саат 14:00до Орусия Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын төрагасы шейх Гайнутдинов Равиль Исмагилович журналистер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп, эки өлкөнүн достугу, дин башкармалыктар аралык кызматташтык туурасында маалыматын берди. Ал эми «Ильшат» коомдук фондунун жетекчиси Анвар Маматов мечитти кыргызстандык усталар куруп, ички-сырткы жасалгалары толугу менен алардын колунан өткөндүгүн баса белгилеп, курулушчуларга өзүнүн ыраазычылыгын билдирди. Эскерте кетсек, «Махмуд ал-Кашгари» мечитинин курулушу «Ильшат» коомдук фонду тарабынан 2015-жылы башталып, 2 жыл аралыгында салынып, пайдаланууга берилди.

Похожие видео

Показать еще