Манастын урпактары жыргатпаптыр HD
#ЫдырысИсаков, #МанасАйылы, #Кайдыгерлик Бишкекте "Манас айылы" деген комплекс бар. Аянты 9 гектарга чамалайт. Ал мурунку президент Аскар Акаевдин тушунда Манастын 1000 жылдык мааракесине карата уюштурулган. Комплекс кыргыздын улуттук баалуулуктарын, тарыхын даңазалай турган жай болору пландалган. Бирок долбоор максатына жеткен эмес. Анткени комплекс байыркылык колоритти чагылдыра алган эмес. Тарыхый атмосфера жок. Мактана турган дээрлик эч нерсе жасалган эмес. Ошентип, саясаттын күчү менен эптеп-септеп, элдир-селдир иштеп келаткан нерсе акыркы жылы таптакыр колдон чыгарылган. Андагы дарактарга суу да коюлбай калган. Комплексти бутуна тургузат деген үмүт менен азыркы "Дакансалар" Дөөлөт Сыдыков деген манасчыны деректир кылып дайындашкан. А "Манас айылы" эми манасчы деректирдин тушунда накта жайлоого айланган. Кыскасы, "Манас айылы" азыр атбагарга айланган. Тротуарлары жылкынын тезеги менен кооздолгон.