«Манас айылы» тарых-этнографиялык комплекси кайрадан оңдоодон өткөрүлөт HD
Борбор калаадагы «Манас айылы» тарых-этнографиялык комплекси кайрадан оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп, жергиликтүү тургундардын жана чет элдик меймандардын эс алуу жайына айланат. Дээрлик чейрек кылымдан бери каралбай калган этно комплекстин абалы менен президент Сооронбай Жээнбеков таанышып, өлкө башчысы «Манас айылын” толук реконструкциядан өткөрүү зарылдыгын, тарыхый-этнографиялык борбор калаанын маданий дөөлөтү боло аларын баса белгиледи. Борбор убагында Манастын 1000 жылдыгына арналып курулган эле.
Похожие видео
Показать еще