Куранда аты аталган шаардын абалы

28.09.2019
Мээримдүү жана Ырайымдуу болгон Аллахтын ысмы менен! 15. Саба эли үчүн алардын турак-жайларында белгилер болгон: оң жана сол тараптан эки бак. “Эгеңердин берген ырыскыларынан жегиле жана Ага шүгүр кылгыла! (Бул өлкө) сонун өлкө. (Аллах) Кечиримдүү эге” 16. Алар баш тарткан кезде Биз аларга тосмону жаруучу сел жибердик да, алардын бактарын ачуу мөмөлүү жылгын жана азыраак суу өсүмдүктүү эки бакка алмаштырдык. 17. Биз аларды каапыр болгондугу үчүн жазаладык. Биз каапырларды гана жазалайбыз. (Ыйык Куран маанилеринин кыргызча котормосу, Бишкек 2009-жыл) Ыйык Курандын бул кереметтүү аятында Саба атуу эл тууралуу жана алардын шүгурсүздүгүнүн айынан аларга келген сел апааты тууралуу айтылууда. Аятта сел “Сайлул Арим”-т.а. “Арим сели”-деген ат менен аталууда. Бул ат селдин пайда болуу шекилин да туюнтууда. “Арим”-сөзү “ташкынды, селди токтотуу үчүн же көлмө токтотуу үчүн узата кырдалган жээк” б.а. “дамба”-деген мааниге келүүдө. А.э. “Сайлул”-сөзү “Сел”-деген мааниге келет. “Сайлул арим” сөзүнүн так мааниси “Тосмонун, дамбанын талкалануусунан улам пайда болгон сел”- деген мааниге келүүдө. Демек селди же көлмөнү токтотуу үчүн курулган бир тосмолорду талкалап өткөн бир сел тууралуу сөз болууда бул жерде. Аяттын терең маанилерине кирээрден мурда тарых илимине кайрылып көрөлүчү, бул маселе жөнүндө эмне дээр экен. Саба маданияты азыркы Арап жарым аралынын түштүк тарабында жайгашкан эле. Саба эли соода иштери менен алек болгон жана ошол доордун маданияты эң эле дүркүрөп өскөн коомдорунан эле. Илим-техника да жакшы өнүккөн болчу. Муну ошол доордо курулган “Мариб”-аттуу суу сактагыч далилдеп турат. “Мариб” суу сактагычы жогорку технологиялык чеберчилик менен курулган эле. Суу сактагычтын жардамы менен сугат иштери жакшы жүрүп чарбачылык иштеринин жылышына а.э. чарбачылык иштери болсо соода сатык иштеринин өнүгүшүнө себеп болот. Натыйжада калктын да жашоо деңгээли бир топ көтөрүлөт. Суу сактагычтын сугара турган сугат жерлери жалпысынан 9600 гектар жер болчу. Мунун 5300 гектары түштүк бөлүктө а.э. калган бөлүгү түндүк бөлүктө жакйгашкан эле. Бул эки бөлүктөн турган аймака Саба жазма булактарында эки аймак деген ат берилген. Аяттагы “оң жана сол тараптан эки бак”-деген кезде да ушул эки аймак тууралуу айтылууда. Илимий изилдөөлөрдүн натыйжасында бул суу сактагыч өтө эски доорлордон бери бар болгондугу жана чарбачылык иштери үчүн пайдалуу болгондугу жазылган. Кийинчерээк суу сактагыч талкаланып бүткүл жакты сел каптайт. Натыйжада сугат системасы бузулуп, чарбачылык бүтүндөй жок болот. А.э. ажайып кооз болгон талааларды от басып, ачуу мөмөсү бар болгон дарактар басып кетет. Христиан археолог Вернер Келлер:“Чынында ушундай бир суу сактагычтын бар болуусу жана анын сел аркылуу талкалануусу тууралуу далозүндөй кылып Курандын айтуусу чындыкты көрсөтүп турат.”-деп өзүнүн “Ыйык Китеп чыдыкты айтат”-аттуу китебинде Куранга болгон таң калуусун жашыра алган эмес. Чынында Курандын бул аяттары таң калтырбай койбойт адамды. Бул жерде тарых илими менен далилденген ушул мааниле

Похожие видео

Показать еще