Москвадагы ишканада көпүрө кулап, Кыргызстандыктар жабыркады.

27.09.2020
#МиграцияКызматыБилдирет. Москва областынын Ступенский районунда Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусунда болгон окуя боюнча маалымдайбыз. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик миграция кызматынын Торагасынын орун басары С.Н. Токтоболотовдун «ФМ Сидорово» логистикалык ишканасынын кызматкерлер менен иштөө жана байланыш бөлүмүнүн башчысы Шиповалова М. менен жолгушуусу болуп өттү. Сүйлөшүулөрдүн жыйынтыгында бардык жабыр тарткандарга медициналык жардам толугу менен көрсөтүлө тургандыгы жөнүндө макулдашууга жетишилди жана аларга бир айлык эмгек маяналарын төлөп берүү ниетин билдиришти. Ошол эле учурда, Мамлекеттик миграция кызматынын Өкүлчүлүгүнун кызматкери жабыркаган Кыргызстандын жарандарынын абалы тууралуу маалымат алуу жана тийиштүү документтерин тариздөөдө көмөк көрсөтүү максатында Ступинский борбордук клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери менен сүйлөштү. Аталган ооруканага тез жардам аркылуу 30га жакын адам жеткирилген, алардын экөөнүн абалы оор, баш сөөгүнүн негизи сынган. Алар аба жолу менен Раменское жана Солнечногорск шаарларына чыгарылат. Маалымат миграция кызматынын фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Похожие видео

Показать еще