Жаш өмүрдү кыйган курулуштагы кырсык HD
Бишкек шаарында жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдө эки курулушчунун өлүмү менен аяктаган кырсыкты Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция иликтеп жатат. 20-июлда Бишкектин Алматы жана Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишинде “Аю курулуш” компаниясына таандык турак жай комплексинде үстүңкү кабаттан 17-18 жаштагы эки улан кулап кетип мерт болгон, дагы бирөө ооруканага түшкөн. Бул окуя курулуштардагы коопсуздукка байланыштуу доомат-сынга жем таштады.
Похожие видео
Показать еще