Жаш жигитке жасалган уникалдуу операция HD
Бүтүндөй өмүрүн элге кызмат кылууга арнаган чыгаан инсандарыбыздан азыр дагы уучубуз куру эмес. Алардын бири белгилүү ортопед, профессор Сабырбек Жумабеков. Алтын колдуу дарыгер 4 жылдан бери буту шишип кыйналган бейтапка акысыз операция жасап, ажалдан арачалады. Баткен жергесинен келген Сүймөнкул Кожоевдин тизесиндеги сөөктөрү менен муундары ичинен жарабай калган. 4 жылдан бери кыйналып, чыдабай айласы куруганда атактуу ортопед, академик Сабырбек Жумабековго келген. Миңдеген оорулууга шыпаа берген өмүр сакчысынын жеңил колунан айыгып кетем деген үмүтү бар. Көбүнчө чет өлкөлөрдө жасалуучу мындай операциялар Кыргызстанда сейрек гана жасалат. Жылына ашып кетсе 10 жолу.
HD
HD
HD
HD
HD
HD
HD
HD
HD
HD
HD
HD
HD