Кыргыз өлкөсүндө чириген байларга мыйзам иштебейби? HD
Бүгүн, 15-ноябрда “SUPER MEDIA” пресс-борборунда "Кыргызстанда чириген байларга карата мыйзам иштебейби?" деген аталыштагы маалымат жыйын өттү. Маалымат жыйынга ижарачылар Калыс Байгашкаева, Мадина Иманкулова жана жактоочу Эмильбек Сопубеков катышты. Арыздануучулар Калыс Байгаткаева менен Мадина Иманкулова Аламүдүн базарында кийим сатып иштеп келишкен ижарачылар. Алар базардын аймагынан жер тилкесин алып, бирок ал жакка контейнерин кое албай жатышат. Айтымдарында, жерге байланыштуу алардын колунда тиешелүү документтер бар.
Похожие видео
Показать еще