Аары тууралуу кермет аят!

01.06.2019
Бал аарысын күнүгө эле көрөбүз. Бирок ага эч маани бербейбиз. Бизди эч таң калтырбайт. Бирок бизге кичинекей көрүнгөн ошол аары, өтө чоң кереметтерди өзүнө камтып жүргөнүн билбей жатабыз аттиң. Ыйык Куранда Нахл б.а. Бал аарысы аттуу сүрө бар. Бул сүрөдө аары тууралуу кереметтүү аят бар. Бирок бул аяттын кереметтүүлүгүн дагы да жакшыраак түшүнүү үчүн алгач арап тилинин граматикасына азыноолак карап көрөлү. Арап тилинин грамматикасында эркеке карата өзүнчө, ургаачыга карата өзүнчө колдонулган этиш бар. Б.а. орусчадагы мужской, женский род сыяктуу. Адамбы, жаныбарбы, өсүмдүкпү же бир буюмбу айтор баары эркек жана ургаачы болуп бөлүнөт. Нахл сүрөсүнүн 68-69- аяттарында Аллах Таала мындай деп айтат: “(68)Эгең бал аарыга: “Тоолорго, жыгачтарга жана адамдардын курулуштарына уя сал”-деп буюуруп; (69) “Ар түрдүү өсүмдүктөрдөн жеп, эгеңдин жеңил кылып койгон жолуна түш!”-дедик. (Аллах) (алардын) аарынын ичинен түрдүү-түрдүү балдарды чыгарды. Анда адам баласы үчүн шыпаа бар. Чындыгында, мында да ой жүгүрткөн коом үчүн ибарат-өрнөктөр бар.” Арап тилинде эркек аарыга да, ургаачы аарыга да бир эле сөз колдонулат. Аары үчүн мужской, женский, род жок. Экөөнө тең “нахл” делинет. Бирок Куран аарынын иш аракеттерин сүрөттөөдө ургаачы аарыга колдонулган этишти колдонууда. Булар кайсыл жерлеринде кездешет карап көрөлү. Биринчиси: “Уя сал”-деген жерде эркек үчүн колдонулган “Иттахиз” сөзүнүн ордуна, ургаачы үчүн колдонулган “Иттахизи” сөзү колдонулууда. Экинчиси: “Ар түрдүү өсүмдүктөрдөн жеп” деген аяттагы “Жеп”-деген мааниге келген, эркек үчүн колдонулган “кул” сөзүнүн ордуна болсо, ургаачы үчүн колдонулган “кулий” сөзү колдонулууда. Үчүнчү: “эгеңдин жеңил кылып койгон жолуна түш”-деген аяттагы “Түш”-деген мааниге келген, эркек үчүн колдонулган “Услук”-сөзүнүн ордуна, ургаачы аары үчүн колдонулган “Услукий”-сөзү колдонулууда. Төртүнчүсү: “бал анын ичинен чыгат”-деген мааниге келген жердеги “ал” деген мааниге келген, эркек үчүн колдонулган “Ху” сөзүнүн ордуна, ургаачы аары үчүн колдонулган “Ха”сөзү колдонулууда. Демек Курандын айтуусу боюнча уя куруу, өсүмдүктөрдөн жеш, жеңил жолго түшүш, ичинен бал чыгруу сыяктуу кыймыл аракеттердин баары ургаачы аара тарабынан аткарылууда. Демек бул иш аракеттерди аткарган ургаачы аары. Чынында эле ошондойбу? Азыркы күндүн илим техникасы бул аят тууралуу эмне дейт? Келиңиздер карап көрөлү. Илимий изилдөөлөрдүн натыйжасында уя куруу, бал чыгаруу сыяктуу милдеттер бул ургаачы бал аарылардын милдети болгондугу аныкталган. Эркек бал аарылардын бул иштерге эч кандай тиешеси жок. Эркек бал аарылардын милдети болсо ургаачы аарылар менен аргындашып, тукумунун улануусуна салым кошуу гана. Мындан башка милдети жок алардын. Аргындашкандан кийин ургаачы бал аарылар, эркек бал аарыларды уясынан кууп чыгышат. Ургаачы бал аарынын карамагында жашап көнүп калган эркек аары натыйжада сыртта жалгыз өлүп калат. Мынакей! Кереметтүү Куран 20-21-кылымдрды араң изилденип чыгылган илимий ачылышты 1400 жыл мурун эле айтып коюптур. Демек Куран Алла

Похожие видео

Показать еще