ЖК Түштүк Кореядагы элчи кызматына Кылычбек Султановдун талапкерлигин жактырды HD
Бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчиси кызматына Кылычбек Султановдун талапкерлигин жактырды. Депутат Каныбек Иманалиев депутаттар Султановдун Малайзияда элчи болуп турганда жасаган иштерин артыкчылык менен баалап, анын талапкерлигин колдоого алышты. Бул маселе комитетте жабык эшик артында каралды.
Похожие видео
Показать еще