Тышкы саясатта тең салмактуулук сакталабы? HD
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Глазгодогу климаттын өзгөрүүсүнө каршы саммитке катышты. Анын алкагында Жапаров бир катар дүйнөлүк лидер менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул окуя соңку күндөрдөгү кыргыз медиасынын күн тартибинин башкы сабына чыгып, талкууланууда. Бул сапардан соң Кыргызстандын тышкы саясатында эмне өзгөрөт, дүйнөлүк лидерлер менен жолугушуудан эмне жыйынтык чыгат? Дегеле Кыргызстандын эл аралык аренадагы имиджи кандай? Дал ушул суроолорду бүгүн "Эксперттер талдайтта" талкуулайбыз. Программага Жапаровду Глазгого коштоп барып келген президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы, дипломат Жээнбек Кулубаев. Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси Болот Жунусов, мурдагы элчи Данияр Сыдыков жана Эл аралык ишкердик кеңешинин директору Аскар Сыдыков катышат.