Жаш талант: Бий өнөрүн бала кезинен өздөштүргөн 18 жаштагы Алиса Индиядагы сынакка катышкан
Балыкчы шаарынын 18 жаштагы тургуну Алиса Нурбекова «Жаш толкун» бийчилер тобу менен Индия мамлекетине барып келген. Аймактык кабарчы аны менен таанышты. Өзүнүн айтымында, бий өнөрүн 4-классынан баштап аркалап келет. Ал учурда Ленин атындагы №4 мектеп-гиманазияда 11-класста окуп жатат. «Кичинекей кезимден бери музыкага жакынмын. Балдар билим борборунда бий ийрими бар экенин угуп барып калгам. Ошол мезгилден бери бий ийримге катышып келе жатам. Ал эми "Жаш толкун" бий ансамблинде бийлегениме 8 жыл болду. Көбүнчө ар улуттун бийлери бийлейбиз. Биз кыргыздын "Кыз кыял", "Ибарат", "Ала-Арча", "Ай-селки", "Эсимде", "Жалбырактар саргайганда", "Түшүмдө", "Алтынчы куну кечинде" атту бийлерди бийлейбиз. Чоң сахнага чыгып, музыка башталганда баарын унутуп, өзүмдү эркин сезем. Тобубуз менен көптөгөн сынактарга катышып келебиз. Каракол, Чолпон-Ата, Бишкек шаарларындагы бий сынактарына барып турабыз. Жакында эле «Танцующая столица» сынагына катышып, 1- орунду алдык», - деди ал.