Тарбияда колдонулган тил
Балдардын бардык эле иш-аракеттери ата-энени канааттандыра бербейт. Сөзсүз жүрүм-турумунан ката кетет. Албетте, дүйнөнү жаңы тааный баштаган бөбөк үчүн бул нормалдуу көрүнүш. Бирок, баласынын терс иш-аракетине күбө болгон ата-энеде тынчсыздануу, ачуулануу сыяктуу сезимдер пайда болот. Бул да нормалдуу көрүнүш. Маселе жок. Маселе, ошол сезимдерди көзөмөлдөп, туура мамиле жасоодо турат. Көпчүлүк ата-энелер баланын катасын көрөөрү менен дароо «Сен деги кандай укпаган баласың?», «Мен сага канча айтам?» деген агрессивдүү сөздөрдү айтат. Ал эми уруш менен башталган орой мамиле андан ары кандай уланаары белгилүү. Балдар менен мамиле түзүп, аларга кайрылууда колдонула турган байланыш тилдери, туура сөздөр бар. Бул видеодо туура жана туура эмес байланыш тилдерин аныктап беребиз.
Похожие видео
Показать еще