Эне тилим эчен кылым карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан... HD
Шайлообек Дуйшеев "Эне тилин унуткандар" Чырмалышкан иштин да чатышы бар, Чындыктын да чыгышы, батышы бар. Чытырмандын кудайы пил эле эмес, Чымындын да жашоого акысы бар. Сайдындагы башталган башаты бар, Саяпкердин сактаган такасы бар. Өрөөндөгү кенедей өзөндүн да, Өз тилинде чардаган бакасы бар. Кыргызмын дейсиң мага, Кыйшактап бийлеп туруп, Кыргызмын дейсиң мага, Кыргызча араң сүйлөп туруп. Кыргыз эмес кыргызды жыдыткандар, Кылым кезген тарыхын унуткандар, Кыргыз эмес кыйшайтып калпак кийип, Кадыр-баркын калкынын куруткандар! Тил жоголбойт, жоголсо, жоголот дил, уулуң дагы, кызың да жоголот, бил!
Похожие видео
Показать еще