Кыргызстандык жигиттер Москва шаарында 220 миң рубль таап алып, ээсин издеп жүрүп кайтарып беришти
Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Барпы айылында өскөн Авазбек Балтабаев 1 жылдан бери Россиянын Москва шаарында таксист болуп эмгектенип жатат. Ал мындан бир жума мурун өмүрүндө эстен кеткис окуяга туш болду. Бул тууралуу өзү Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берген. 37 жаштагы Авазбек мындан бир жума мурун досу менен бирге «Отрадное» метрополитен станциясы тараптагы банктын алдына барганда 220 миң рубль (Кыргызстандын Улуттук банкынын учурдагы курсу боюнча 3 925.71 доллар) акча жана Россиянын жаранына тиешелүү баалуу документтер салынган капчык таап алышкан. Аны кайтарып берүү үчүн ошол банктын алдында 5 саат бою ээсин күтүшкөн. Бирок капчыкты издеп эч ким барган эмес.
Похожие видео
Показать еще