СҮЙҮКТҮҮМ ҮЧҮН БООРУМДУ ЭМЕС ЖҮРӨГҮМДҮ БЕРҮҮГӨ ДАЯРМЫН HD
“Кайрымдуу бол” клоомдук фондунун Кыргызстандын түштүк аймагына болгон иш сапарынын алкагында Ош облусунун Ноокат районуна өз баласына жардам керек экенин айтып бир эне кайрылган. Эненин көз жашын сүртүү үчүн фондддун жетекчиси Азамат Байматов сапарга аттанды. Бул мекендешибизге боорун алмаштыруу үчүн 26 миң АКШ доллары керектелүүдө. “Ал эми жарым боорумду сүйүктүүм үчүн берем” деп жубайы Жазгуль Эрнезарова көзүнүн жашын агызып турат. Бул каарманыбыздын мындай кадамга барганы ар бир кыргыз аялы үчүн үлгү болуш керек. Себеби азыркы учурда күйөсү мындай ооруга кабылганда таштап кеткен көрүнүчтөргө күбо болуп келебиз. Бул мекендешибиз энесинин кашында, уул-кыздарынын алдында өмүр сүрүү үчүн кайдыгер карабаган мекендештердин колдоосунда ишке ашат. Мындай тагдыр биздин башыбызга келбейт деп ким кепилдик бере алат. Андыктан келгиле кыргыз элим колубуздан келген колдообузду көрсөтөлү. СБЕРБАНК аркылуу: 4276 4000 7490 6927 ЭЛСОМ аркылуу: 0770 43 12 55 Өмүрбек Ирматовдун СБЕРБАНК картасы жок болгондуктан "Кайрымдуу бол" коомдук фондунун Москва шаарындагы өкүлү Нурсултан Таалайбековдун картасы койулду
Похожие видео
Показать еще