Алтынбек Жунус уулу: Айбандар да мындай мыкаачылык кылбаса керек HD

04.09.2019
Социалдык тармактарда талкуу жаратып, мыкаачылык менен аесуз сабагандар тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу жеке пикирин билдирди. Анын айтымында, сабагандарга катуу чара көрүш керек. «Мындай адамдардын коомдо жүрүүсүнүн өзү коркунучтуу. Ал эми күч органдарында туугандары бар экен деген кептер айтылууда. Бул маселени кылдаттык менен карап чыгуу керек. Эмне үчүн сабагандарды милиция кармап кетет дагы кайра аларга издөө жарыялады. Буга байланыштуу тийиштүү жетекчилер жумуштан айдалыш керек»,-деди Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу.

Похожие видео