Кыйын экен
Кыйын экен Сөзү Эсенгул Ибраевдики Обону Тынчтыкбек Курманбек уулунуку Ырдап жаткан Тынчтыкбек Курманбек уулу Кыйын болду ошондогу коштошуу, Жан дүйнөмдүн жармын калдың эңшерип. Билип турам кимдир бирөө ай сени, Сүйсө сүйөөр бирок, күйбөс менчелик. Оюм жетсе колум жетпей толгонуп, Жанга батты аралыктын ыраагы. Кусалыгым жатат катар том болуп, Кана буга кандай кылам арганы. Кыйын экен, кыйын экен курусун, Кантип чыдайм келсе сүйүү илхамы. Азырынча күтүү менин жумушум, Бардыр анын сүрө турган бир таңы.
Похожие видео
Показать еще