Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы көбөйдү HD

02.08.2022
Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчылары менен муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул чечимдин негизги максаты - өлкөнүн мамлекеттик жарандык кызматчылары менен муниципалдык кызматчыларынын ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу үчүн материалдык жактан кызыктыруу жана шарттарды түзүү, ошондой эле жогорку квалификациялуу кадрларды тартуу жана мамлекеттик башкаруу секторунда коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу. “Мамлекет башчысы калктын түрдүү катмарларынын жашоо деңгээлин жакшыртуу боюнча ырааттуу саясат жүргүзүп жатат. Садыр Жапаров президенттик кызматка киришкенден бери социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү жана социалдык чөйрөдөгү кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылды. Өткөн жылы аскер кызматкерлерине, сот жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине дагы эмгек акы төлөөнүн жаңы деңгээли белгиленген”,- деп айтылат маалыматта.

Похожие видео