Маркум прокурордун соту: Баткен ШИИБдин окуя болгон түндөгү жооптуу жетекчисинин көрсөтмөсү HD
Бүгүн,7-июнь күнү маркум прокурор А. Мамажакыповдун соту Ош шаардык сотунда уланууда. Бул жолку отурумда күбөлөр суралды. Кылмышка шектүү Мелис Калыков жана маркум прокурор А. Мамажакыпов менен чогу ууга барган прокурордун орун басары Эмил Ажибеков, ошол убакта бөлүм башчы болуп турган Улан Эгембердиев, Арак заводдун Баткендеги өкүлү Эрнист Базарбай уулу жана башка күбөлөр мамлекеттик айыптоочулардын жана шектүүнүн жактоочуларынын суроолоруна жооп берди.