Мукашев: Сахнага кайтып келдим
17 жаштагы Темирлан Мукашевди Бишкектеги кафелердин биринде белгисиз адамдар травматикалык тапанча менен көзгө атып кетишкен. Натыйжада жаш ырчы сол көзүнөн айрылган. Окуя быйыл 31-декабрдан 1-январга караган түнү болгон. Учурда Темирлан ооруканадан чыгып, жаңы ырларды жаздырып, кайрадан сахнага кайтып келди. 9-мартта ал Улуттук филармонияда алгачкы концертин тартуулаганы жатат. (MTo/UA)